Кыргызстанда акыркы суткада 18 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 25 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"Чүй облусунда – 7, Бишкек шаары – 5, Жалал-Абад облусу – 2, Ысык-Көл облусунда – 1, Ош шаары – 1, Нарын облусунда – 1,Талас облусунда – 1 өрт кырсыгы катталды", - деп айтылат билдирүүдө.
Кошумчалангандай, куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болду.