Саламаттык сактоо министрлигинин жамаатына министрдин жаңы орун басары тааныштырылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-октябрда президенттик администрациянын саясатты иштеп чыгуу, мониторинг жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев Саламаттык сактоо министрлигинин жамаатына министрдин жаңы биринчи орун басарын тааныштырды.
Министрлер кабинетинин буйругуна ылайык, Исмаилов Медербек Адышевич саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.