Биз социалдык тармакта

Ошто жүргүнчү ташуучу маршруткалар текшерилип, 3 айдоочуга айып пул салынды

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин аймактык башкармалыктарынын инспекторлору ишмердүүлүктөрүн мыйзамда белгиленген талаптардын негизинде жүргүзүшөт. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эгерде көзөмөлдөө бөлүмүнүн тескөөчүлөрү айдоочулар тарабынан кандайдыр бир укук бузууларды аныкташса, жеринде протокол түзүшүп, мамлекеттин эсебине айып пулдарды өндүрүшөт.

Маалымдалгандай, жүргүзүлгөн иш-чарада негизинен жүргүнчүлөрдү ташуучу маршруткалардын графиги жана иш тартиби текшерилди. Адистердин айтымында айдоочулар бекитилген графикке ылайык иштеши керек, тактап айтканда алар дем албастан күнү-түнү дебей жүргүнчүлөрдү ташууга же өзүм билемдик менен эрте эле жумушун токтотуп салууга болбойт.

"Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Ош аймактык башкармалыгынын инспекторлору Ош шаарынын автобекетиндеги жүргүнчү ташуучу унааларды текшеришти. Анда 13 жүргүнчү ташуучу маршрутка текшерилип, 3 укук бузуу катталган жана аларга 3000 миң сом айып пул салынды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
uuloskoaa
2023-10-07 15:22:00
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан