Азия оюндарынын коло медалдын ээси Сардана Трофимова Кыргызстанга келди

Ханчжоу шаарында (Кытай) өтүп жаткан 19-жайкы Азия оюндарында жеңил атлетика боюнча коло медаль алган кыргызстандык Сардана Трофимова Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка караганда, спортчуну Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев, Жеңил атлетика федерациясынын өкүлдөрү тосуп алышты.
Эскерте кетсек, Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында Сардана Трофимова марафондо 2 саат 28 мүнөт 39 секундада келген. Биринчи орунду Бахрейн спортчусу багынтса, экинчини кытайлык спортчу алган. Сардана Трофимова марафон боюнча Орусиянын беш жолку чемпиону.
Спортчу Кыргызстандын жарандыгын былтыр июлда алган. Буга чейин ал мелдештерге ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биринин атынан чыкчу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан