Биз социалдык тармакта

Бишкекте студенттер 12-13-октябрда онлайн окушат

Бишкек шаарында 12-13-октябрда мектеп окуучулары жана студенттер онлайн форматында окушат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечим калаада Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин саммитинин өткөрүлүшүнө байланыштуу кабыл алынды.
"Бишкекте КМШнын саммити өткөрүлүшүнө байланыштуу Билим берүү жана илим министрлигинин “Окуу сабактарын онлайн форматта өткөрүү жөнүндө” буйругу чыкты.
Буйрукка ылайык, борбордогу мектепке чейинки, мектептик, башталгыч, орто жана кесиптик жогорку билим берүү уюмдарына менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан ушул жылдын 12-13-октябрында окуу сабактарын онлайн форматта уюштуруу тапшырылды", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан