Өлкөдө окуучулардын күзгү каникулу 6-ноябрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматында жазылат.
Маалыматта айтылгандай, сабактар 13-ноябрда башталат.
"Окуучулардын күзгү каникулу 6-ноябрда башталып, 12-ноябрга чейин созулат. Сабактар 13-ноябрда башталат", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, быйыл окуу жылы 1-сентябрда башталган, буга байланыштуу 25-майда аяктайт.