Атабек Абылгазиев Энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Эске салсак, жаңы дайындалган министрдин орун басары буга чейин Нарын электр тармактар ишканасынын башкы директору болчу.