Биз социалдык тармакта

Эртеңден баштап Бишкекте милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп баштайт

Күзөт кызматынын кызматкерлери КМШнын мамлекет башчыларынын кеңешинин отурумдарында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
12-13-октябрь күндөрү Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кыргызстанга келерине байланыштуу коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо максатында ИИМдин күзөт кызматынын жетекчилиги күзөт полкунун өздүк курамы жана Бишкек шаарынын төрт районунда саптык текшерүү жүргүзүлгөн.
"Саптык кароо учурунда КМШнын мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйындарын өткөрүү учурунда кызматкерлердин кызмат өтөөгө даярдыгы текшерилди. Сырткы келбетке жана формалык кийимге өзгөчө көңүл бурулуп каралды", - деп билдиришти ИИМден.
Иш-чара өтүү күндөрү бөлүм башчыларына жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча тапшырмалар коюлду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан