12-13-октябрда Бишкектин жана Чүйдүн унаа жолдору маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда ЖКККББдан билдиришти.
Маалыматка караганда, ЖКККББ 12-13-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга расмий иш сапары менен келүүсүнө жана КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына байланыштуу Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары автоунаа менен жүрүүдөн алыс болууну өтүнөт.
Ага ылайык, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун көчөлөрүн жабуу боюнча маал-маалы менен чектөөлөр киргизилет.
"Ички иштер министрлиги түшүнүү менен мамиле жасап, алдын ала оптималдуу жол каттамын тандап алууңуздарды суранат", - деп билдиришти мекемеден.