Бүгүн, 12-октябрда Бишкектеги көчөлөрдө ат минген милиция кызматкерлери пайда болду.
Алар Чыңгыз Айтматов проспектиси жана Абсамат Масалиев көчөлөрүндө атчан жүрүшөт.
Бүгүн, 12-октябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Бишкекке КМШ лидерлери келет.
Мындан улам Бишкекте Жогорку окуу жайлар, мектептер 2 күнгө онлайн окууга өткөн.