Биз социалдык тармакта

Бишкекте бир катар акча алмаштыруучу жайлардын лицензиясы токтотулду

Улуттук банк Бишкектеги бир катар акча алмаштыруучу жайлардын лицензиясын убактылуу токтотту. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, мыйзамдын талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду.

11-октябрдан тартып 20-октябрга чейин төмөнкү акча алмаштыруу бюролорунун иши токтотулду:

- Бишкек шаары, Манас проспекти 57, 2-квартира дареги боюнча жайгашкан ЖЧК "УРМАТБЕК" алмашуу бюросунун 2020-жылдын 29-октябрындагы № 6016 лицензиясы;

- Бишкек шаары, Киев көчөсү 129 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК "Батиста" алмашуу бюросунун 2022-жылдын 12-июлундагы № 6322 лицензиясы;

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 133 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК "ЭЛКАЗЫНА кейджи" алмашуу бюросунун 2023-жылдын 16-мартындагы № 6491 лицензиясы.

Ошондой эле мыйзамдын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 11-октябрдан тартып "Фикс Кэш" ЖЧКсынын алмашуу бюросунун нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2023-жылдын 25-мартындагы № 6495 лицензиясы кайтарылып алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
spitiaws
2023-10-12 16:10:00
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан