Биз социалдык тармакта

Өлкөдө 83 тез татым жайлары текшерилип, 100 миң сомдон ашык айып пул салынды

Өлкөдө жалпы 83 тез татым жайлары текшерилди. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, өлкө аймагындагы тамак-аш коопсуздугун камсыздоо максатында жана Бишкек шаарынын тез татым коомдук тамактануучу жайларында келип чыккан жарандык массалык ууланууга байланыштуу Ветеринардык кызмат текшерүү иштерин жүргүздү.
Ага ылайык, Ветеринардык кызмат тарабынан Экономика жана коммерция министрлиги менен 109 субъектиге пландан тышкары текшерүү жүргүзүү макулдашылып, бүгүнкү күндө 83 субъектиге текшерүү жүргүзүлдү.
- Бишкек шаары боюнча 60 субъект;
- Чүй облусунан 23 субъект.
"Текшерилген субъектилер ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегендиги үчүн жалпы 108 миң 500 сом айып пул салынды.
Ошондой эле республика боюнча 350 субъектиге мониторинг жүргүзүлүп жана эт азыктарынан үлгүлөр алынып, Ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборуна тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
emirchik
2023-10-12 14:06:00
1000 сомдон айып салыныптырда торт шаурмамынын акчасыда ал воще жаап салсын шавурсанын кереги жок арам олгон малдын этинен жасалган фарштар менен жасалат шаурмага 1 килограм фаршты 180 сомдон оптом сатып Алат Лалафодо толтура
+1
spitiaws
2023-10-12 16:10:00
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан