Бүгүн, 12-октябрда Орусия президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапары менен келди. Аны "Манас" эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Бул Владимир Путиндин 2023-жылы чет жакка жасаган эң алгачкы сапары.
Расмий сапарынын алкагында Орусиянын президенти өлкө башчы Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле эртең, 13-октябрда Бишкек шаарында өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышат.
Видео: Ала-Тоо 24