Биз социалдык тармакта

Таласка алып келинген трансформаторлорду коюу иштери жүрүүдө

Талас электр тармактар ишканасына алып келинген трансформаторлорду коюу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы 11 трансформатор алынып келинип, анын ичинен райондорго бөлүнүп берилген.

"Трансформатор ТМ 160/10 кВА 6 даана алып келинген. Бакай-Ата РЭТи - 1 даана, Айтматов РЭТи - 5 даана бөлүнгөн.

Ал эми Трансформатор ТМ 250/10 кВА 5 даана келип, Талас РЭТи - 2 даана, Бакай-Ата РЭТи -1 даана, Айтматов РЭТи - 2 даанасы тапшырылган", - деп айтылат маалыматта.

Ага кошумчалай, Айтматов РЭТи кардарларга сапаттуу электр энергиясын берүү үчүн көмөк чордондорду көбөйтүп, электр энергиясы тараган аймактын ортосундагы узундугу кыскарууда. Күз-кыш мезгилде трансформаторлор кышында аябай тынбай иштеп жатканына байланыштуу, кошумча трансформаторлор орнотулуп жатат. Жалпы 6 даана каралган. Эч кандай дефекти жок, сапаттуу трансформаторлор алынып келинген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан