Социалдык тармактарда “Окуучулар Израилди колдоп, ырдап жатат” деген видео тараган. Анда окуучулар Израилдин желегинин алдында аталган өлкөнүн гимнин ырдап жатканын көрүүгө болот.
Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги түшүндүрмө берди.
“Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы сегментте тарап жаткан Израилдин гимни ырдалып жаткан видео мурда тартылган, эски видео. Ал 2018-жылы Израиль мамлекетинин 70 жылдык маарекесине карата тартылган. Андыктан бул видеонун кайрадан кыргыз сегментинде айланышы кандайдыр бир чагымчылдык маалыматты көздөшү мүмкүн. Бул эски видео экенин эсиңиздерге салабыз”, - деп айтылат анда.