Биз социалдык тармакта

Спортчу Нурлан Эралиев мезгилсиз дүйнө салды

Кечээ, 16-октябрда самбо боюнча Эл аралык даражадагы спорт чебери, дене тарбия жана спорттун отличниги, УКМКнын 9-бөлүмүнүн капитаны Нурлан Эралиев 38 жаш курагында жаракаттан улам мезгилсиз дүйнө салды. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Ал спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча эки жолку Азия чемпиону, Дүйнө чемпиондугунун эки жолку коло байгесинин ээси болгон.

Эралиевдин артында 3 кызы калды.

Маркумдун сөөгү бүгүн саат 15:00дө кичи мекени Айтматов районунун Чоң Кара-Буура айылында жерге берилери айтылды.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Нурлан Эралиевдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан