Биз социалдык тармакта

Бишкекте 5 отун базада көмүр сатылууда

Бишкекте "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы тарабынан 4 миң 700 сомдон көмүр сатуу пункту уюштурулду. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Энергетика министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, 4 миң 700 сомдон сатылып жаткан көмүр отунун шаардыктар төмөндөгү даректерден алса болот:

-Мурманская көчөсү, 126;

-Алыкулов көчөсү, 6 б;

-Алматы көчөсү менен шаарды айланып өтүүчү жолдун кесилишинде;

- Ылдыйкы Ала-Арча айылы (Курманалиева көчөсү б/н).

-Дэн-Сяопин проспектиси, 306.

Белгилей кетсек, бюджеттик мекемелер, социалдык объектилер жана калк үчүн көмүр ташуу 2-сентябрда башталган. Күнүнө 5-6 миң тоннага жакын же 200-250 унаа кара алтын ташылууда. Энергетика министрлиги керектөөчүлөрдү өз убагында көмүр сатып алууга чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан