Биз социалдык тармакта

Баткенде электр жарыгы оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу өчүрүлөт

Баткенде оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда "Баткен электр тармагы" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, эртең, 18-октябрда 220/110/10 киловатт “Алай-Айгүл-Таш” жогорку чыңалуудагы көмөк чордонунда 2023-2024 күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында кезектеги оңдоп-түзөө жумуштары аткарылат. Буга байланыштуу саат 8:00дөн 18:00гө чейинки аралыкта төмөнкү район-шаарларда электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт.

- Лейлек району толук айыл-шаарлары;

- Сүлүктү шаары толук кварталдары;

- Баткен району:

- Дара, Кыштут, Кара-Булак, Самаркандек, Кара-Бак, Ак-Татыр, Аксай, Төрт-күл жана Суу-Башы айыл өкмөттөрү;

- Баткен шаары:

- Кызыл-Дөң, Кызыл-Жол, Базар-Башы, Булак-Башы, Тамаша жай, МСО жана СМУ кварталдары.

Ага ылайык, келтирилген ыңгайсыздык үчүн Баткен электр тармактар ишканасы кечирим сурап, туура түшүнүүгө чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан