Президент Садыр Жапаров Орусиянын жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу иштери боюнча министри Александр Куренковго "Даңк" орденин тапшырды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Президент Кыргызстандын жана Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин кызматкерлерине эмгеги үчүн, Орусиянын жетекчилигине Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу жана өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин материалдык-техникалык потенциалын чыңдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
"Садыр Жапаров Орусиянын жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу иштери боюнча министри Александр Куренковго эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон зор салымы жана эки өлкө ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо боюнча активдүү иши үчүн «Даңк» орденин да тапшырды", - деп жазылат билдирүүдө.