Бүгүн, 17-октябрда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Маалыматта батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жете турганы айтылат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө +12…+17,
Талас аймагында +15…+20 даража болсо,
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында +18…+23 градуска жетет.
Ысык-Көл жергесинде +13…+18,
Нарын облусунда +15…+20.
Ал эми борбор калаа Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы +19…+21 градус болот.