Биз социалдык тармакта

Бишкекте бүгүндөн тарта №226 автобус каттай баштайт

Бүгүн, 17-октябрдан тарта Бишкекте №226 автобус каттамы каттай баштайт. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

"Чечим шаардын каттамдык тармагын оптималдаштыруунун натыйжасында жана тургундардын, “Дордой” СБКнин жумушчуларынын жана администрациясынын, ошондой эле базарга келүүчүлөрдүн көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен кабыл алынды", - деп айтылат билдирүүдө.

Мындан кийин №226 кичи маршруттук каттам ушул эле номердеги автобустарга алмаштырылып, аны “БЖАИ” мамлекеттик ишканасы тейлейт.

Каттам Асанбай кичи районунан “Дордой” базарына чейин каттап, шаардын түштүк жана түндүк райондорун камтыйт, узундугу 28,4 чакырым, ал эми автобустардын кыймыл интервалы 7-10 мүнөттү түзөт. Каттамда 20 автобус кызмат көрсөтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан