Кыргызстанда бир күн ичинде 5 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, сутка ичинде республиканын аймагында 5 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 5 бөлүм тартылган.
Ага ылайык, куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон.