Биз социалдык тармакта

Бишкекте маршрутка айдаган айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүнчү ташуу менен алектенген кичи автобус айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Жүргүнчү ташуу менен алектенген айдоочулар арасында жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу максатында Бишкек-Ош багыты боюнча каттамдар 15-октябрдан баштап кийинки жылдын 15-майына чейин ашуулар аркылуу жүрүүгө чектөөлөр киргизилген.

"Жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында мындай чектөөлөр киргизилди",- дейт Милициянын кайгуул кызматы.

Жол эрежесин так сактап, ылдамдыкты ашырбай айдоону Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы сунуштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан