Биз социалдык тармакта

Бишкекте 3 күн бою айыл чарба жарманкеси өтөт

Бишкекте 20-22-октябрда Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта “АгроТехЭкспо2023” аталышындагы агроөнөр жай республикалык көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.

Маалымдалгандай, анын алкагында “Органик Экспо – 2023” жана “Алтын Күз” жарманкелери да болот.

Көргөзмө 5 миң чарчы метр аянтта болуп, ага 15 миңден ашуун адам катышуусу күтүлөрү айтылган. Анда заманбап технологиянын үлгүлөрү, кайра иштетүүчү жабдуулар, жаңы үрөндөр, жер семирткичтер, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, органикалык продукциялар көрсөтүлөт.

Жарманке-көргөзмөсү 3 күн бою уланып ар кандай оюн, сынактар, мастер-класстар уюштурулат жана органикалык айыл чарба азык-түлүгүнүн бардык түрлөрү арзан баада сатылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан