Биз социалдык тармакта

Канттагы темир жол өтмөгү оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат

Канттагы өтмөк 27-октябрда оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылары айтылды. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалымдалгандай, "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы 27-октябрда саат 8:00дөн 17:00гө чейин Кант-Ивановка ашуусундагы 3 миң 802 километр (Кант шаары, Панфилов көчөсү) темир жол өтмөгү жабыларын билдирет.

"Оңдоо иштери Ысык-Ата районунун жол кайгуул кызматы менен макулдашылды.

Айланма жол үчүн (Люксембург айылынын Совет көчөсү аркылуу) 3 миң 800 километр боюнча жүргүзүлөт.

Убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана маршруттарыңызды пландаштырууда бул маалыматты эске алууну суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан