Биз социалдык тармакта

Жыл башынан бери Баткен облусуна канча каражат бөлүнгөнү белгилүү болду

Ушул жылдын 9 айында Баткен облусуна 1,14 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен Баткен облусунун өнүгүү программасына (статус) - 500 миллион сом бекитилип, толугу менен каржыланды.

Ишкерлерге бюджеттик кредиттер

- 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында Баткен облусунун чарба жүргүзүүчү субъекттерине келтирилген зыяндын орду толтурууга - 90,2 миллион сом бөлүндү.

Бюджеттер аралык трансферттер

- Баткен облусу боюнча 2023-жылдын 01-август айына чейин республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары жалпысынан 368 миллион сом каржыланган.

Алар:

- теңдөөчү трансферт – 246,2 миллион сом;

- максаттуу трансферттер – 121,8 миллион сом.

Регионду өнүктүрүү фонддору боюнча Баткен облусуна 178,8 миллион сом каржыланды, анын ичинен:

- Облустук өнүктүрүү фонду 117,4 миллион сом;

- Райондук өнүктүрүү фонддору - 61,4 миллион сом.

- өз алдынча жергиликтүү органдарга - электр энергияга 11,6 миллион сом каржыланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан