Биз социалдык тармакта

"Жаан-чачын болбойт". Жума күнгө карата аба ырайы

Эртең, 20-октябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жете турганын Кыргызгидромет борбору билдирет.

Абанын температурасы:

Чүй жергесинде түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23 градус;

Талас аймагында түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23 даража;

Баткен, Ош, Жалал-Абад өрөөндөрүндө түнкүсүн +4...+9, күндүз +19...+24кө жетет.

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +3…+8, күндүз +13…+18;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндуз +15…+20 градус болот.

Ал эми борбор калаа Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +21…+23 градус жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан