Биз социалдык тармакта

Камчыбек Ташиев: "Кылмышкерлерди колдогондорду дагы жазалайбыз"

Кыргызстанда кылмышкерлер эле эмес, аларды колдогондор дагы жазаланат. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев айтты.

"Кээ бирлер уюшкан кылмыштуу топторду жок кылганыбызды ностальгия менен эстеп жатышат. Аларга болушуп, аларды колдогон видеолор чыгып жатат. Дагы бир жолу кайталап айтып коёюн. Мындан ары кылмышкерлерди гана эмес, аларды колдогондорду дагы жазалайбыз. Уюшкан кылмыштуу топтор түп-тамыры менен жок болушу керек", - деди Ташиев.

Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин арасында дагы тазалануу болушу керектигин кошумчалады.

Ташиев кылмышкерлерди колдогондор дагы жазаланарын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан