Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымындагы кар көчкүгө каршы тоннелдин ачылышына катышты.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, бул жол өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирет жана республиканын негизги “кан тамырынын” бири болуп саналат.
Узундугу 460 метр болгон тоннелдин курулушу 2019-жылдын май айында башталып, жалпы долбоордук сметалык баасы 39,2 миллион долларды түзүп, учурда объекттин курулушу толук бүткөрүлгөн.
Бул жабык жол тоннели Жапон өкмөтүнүн жана JICA агенттигинин жардамы менен курулду. Ал кар көчкү учурунда унаалардын токтоп калуусуна жол бербөөгө жана айдоочулардын коопсуз өтүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет.