Биз социалдык тармакта

Бишкектеги Ботаникалык бакты көрктөндүрүү жана оңдоо иштери жүрүүдө

Президенттин тапшырмасын аткаруу максатында Бишкектеги Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык бакты көрктөндүрүү жана оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

Белгилүү болгондой, жобого ылайык бул жерде суу түтүктөрү жаңыланып, электр чубалгылары тартылат. Ошондой эле союз маалында курулуп, жарактан чыккан лабораториясы жаңыдан курулат.

"Шаар тургундары үчүн ботаникалык бакта өстүрүлгөн гүлдөр сатылат, ал үчүн атайын гүл дүкөндөрү жана унаа токтотуучу жай курулууда", - деп жазды Туманбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан