Биз социалдык тармакта

Бишкектин айрым конуштарында таза суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым конуштарында ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-октябрда төмөнкү даректердеги турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

- Ала-Тоо 1, Ала-Тоо 2 конуштарында ичүүчү суу саат 9.00дөн 20:00 гө чейин өчүрүлөт.

- "Ала-Тоо" суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу убактылуу токтотулат.

"Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат", - деп билдиришти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан