Бүгүн эртең менен Израиль Сириядагы Дамаск жана Алеппо аэропортторуна сокку урду. Бул тууралуу Сириянын SANA маалымат агенттиги билдирди.
Агенттиктин маалыматына караганда, кол салуу бүгүн эртең менен жергиликтүү убакыт боюнча саат 5:25те болгон.
"Бүгүн эртең менен Израилдеги душмандар Латакиянын батышында Жер Ортолук деңизинен ракеталар менен Дамаск жана Алеппо эл аралык аэропортторун бутага алып, абадан агрессия жасады", - деп айтылат агенттиктин билдирүүсүндө.
Сириянын Транспорт министрлиги Израилдин соккусунан Дамаск жана Алеппо эл аралык аэропорттору иштебей калганын жарыялады. Абадан кол салуудан жарадар жана каза болгондор бар экени кабарланууда.