Эртең, 24-октябрда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбой турганын Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Абанын температурасы:
Чүй дубанында +2…+7, күндүз +12…+17 даража,
Талас жергесинде түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17 градус болсо,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22ге чейин жетет.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16,
Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +12…+17.
Ал эми борбор калаа Бишкекте түнү жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +15…+17 градус жылуу болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.