Өлкөдө 23.10.23 сандарын камтыган “өзгөчө” датада 115 түгөй баш кошту. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирет.
Маалымдалгандай, Бишкек шаарында жалпы 50 түгөй мамилелерин мыйзамдаштырган, анын ичинде 39 салтанат Бакыт үйүндө өткөн. Ош шаарындагы Бакыт үйүндө 22 салтанат өттү.
Акыркы убакта Кыргызстанда “өзгөчө” датада баш кошууну каалаган жаштардын саны өсүүдө.