Биз социалдык тармакта

"Күн ачык болот". Эртеңки күнгө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 25-октябрда өлкө аймагында күн ачык болуп, жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22 даража,

Талас облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21 градус болсо,

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24кө чейин жетет.

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20,

Нарын аймагында түнкүсүн 0…+5, күндүз +13…+18.

Ал эми борбор калаа Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +20…+22 градус жылуу болот.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан