Оштун Алмалык айылында 150 орундуу мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Ош мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2 кабаттуу мектеп имараты 150 окуучуга ылайыкташкан. Билим берүү мекемесинде спорт аянтчасы, кичи футбол талаасы, жыйындар залы, ашкана, откана жана башка зарыл болгон бардык нерселер болот.
Маалыматта мектепти куруу иштерин келерки жылдын аягында бүткөрүп, пайдаланууга берилери айтылды.