Ат-Башы районунун Ак-Жар айылында “Ак-Жар-Сезими” бала бакчасынын кошумча имараты курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда райондук администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган бала бакча демөөрчүлөрдүн жардамы менен 2,5 миллиондон ашык каражатка курулган.
"Айылда 400дөн ашык бала болсо, буга чейин биринчи корпусунда 5 тайпада 115 бала тарбияланып келген. Жаңы ишке кирген бакчада дагы 60 бала тарбияланып, 14 кызматкер жумуш орун менен камсыз болууда", - деп айтылат маалыматта.