Бишкекте жаңы келген автобустун айдоочусу бир адамды өлтүрө сүзүп кетти

Бишкек шаарындагы Жибек-Жолу көчөсүндө жаңы келген автобустун айдоочусу жөө өтмөктөн эки адамды сүзүп алып, алардын бири каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, кечээ, 24-октябрь күнү саат 14:30 чамасында ZHONGNONG үлгүсүндөгү автобустун айдоочусу, 1968-жылы туулган Р.Э. аттуу жаран Жибек-Жолу көчөсүнөн чыгыш багытка бара жатып, Ала-Арча көчөсүнүн кесилишине жетпей, жөө өтмөктөн эки адамды сүзүп алган.

Натыйжада, жөө жүргүнчү 1939-жылы туулган Т.И. окуя болгон жерден өзүнө келбестен каза болгон. Анын жанындагы шериги дагы жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Автобус айып аянтына токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан