Биз социалдык тармакта

"Жаан жаайт". Жума күнгө карата аба ырайы 

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 27-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 10…15;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 9…14;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 10…15;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9, күндүз 13…15 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан