Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунун имаратында жардыруучу зат бар деп жалган билдирүү жасаган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда ИИМден билдиришти.
Маалыматка карганда, 26-октябрда саат 11:59 чамасында социалдык тармактардагы баракчалардын бирине соода борборунун кызматкерлерине кайрылуу менен "Айчүрөк" соода борборунда жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу анонимдүү билдирүү келип түшкөн. Билдирүү ошол эле соода борборунун кызматкерлерине келген.
Иликтөөдө жардыруучу зат коюлганы тууралуу маалымат тастыкталган эмес. Текшерүүнүн алдында бардык жарандар имараттын бардык бөлмөлөрүнөн өз убагында эвакуацияланган.
"Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде милиция кызматкерлери тарабынан 2004-жылы туулган Кыргыз жана Орусия жарандыгын алган, Бишкек шаарында жашаган Г.А. атуу жаран кармалган. Маалым болгондой, ал соода борборлорунун биринде, коомдук тамактануучу ишканада иштейт.
Алдын ала маалыматтарга караганда, бул жаран социалдык тармактарда фейк аккаунт ачып, ал жерден жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу анонимдүү билдирүү жөнөткөн", - деп айтылат маалыматта.
Учурда бул адамдын мурда жасалган ушул сыяктуу террордук мүнөздөгү кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча зарыл чаралар көрүлүүдө.