Эртең, 27-октябрда Бишкекте троллейбус каттамы убактылуу токтойт. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чектөө Бишкек шаарында ШКУга мүчө-мамлекеттердин Улуттук координаторлор кеңешинин кезектеги жыйыны өткөндүгүнө байланыштуу киргизилген. Мындан улам эртең саат 8:00дөн 11:00гө чейин бардык троллейбус каттамдары убактылуу токтотулат.