Биз социалдык тармакта

Кыргызстанга Европа жана Америкадан кезектеги туристтик поезд келди 

Бүгүн, 27-октябрда Бишкек шаарына Европа жана Америкадан туристтик поезддер келди. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, туристтерди "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери жана уюштуруучулар тосуп алышты.

Жалпысынан № 926/925 турпоезд менен 72ге жакын турист келди. Бул туристтик эс алуу маршрутун Lernidee Erlebnis Reisen GmbH туристтик компаниясы уюштурган.

Келген коноктор кереметтүү Ысык-Көлдүн кооз жаратылышы жана тарыхый-маданий мурастары менен таанышып 28-октябрда Балыкчыдан Бишкек шаарына кайтышат. Мындан тышкары, туристтер Бишкек шаарын кыдырып, 29-октябрда кызыктуу сапарын улантышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан