Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты 

Бүгүн, 27-октябрда Бишкектин Свердлов районунда жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде өрт чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, тилсиз жоо Аламүдүн-1 кичи районунун №59 көп кабаттуу турак үйдүн 7-кабатынан чыккан.

Аны өчүрүүгө саат 11:59да эки бөлүм жана 1 автошаты жана штаб тартылган.

Өрт өчүрүүчүлөр өрт тутанган батирдин ичинен 2 жаш баланы аман-эсен куткарып чыгып, ошондой эле башка батирлерден жалпы 8 адам эвакуацияланды.

Министрлик кырсык боюнча кошумча маалымат бериле турганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан