
Бишкектин айрым конуштарында ичүүчү суу токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 31-октябрда төмөнкү даректердеги турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү токтотулат.
- Мурас Ордо конушу саат 9:00дөн 20:00гө чейин.
- Калыс Ордо конушу саат 9:00дөн 15:00гө чейин.
Ага ылайык, Мурас Ордо, Калыс Ордо суу алгычтардагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу суу убактылуу токтотулат.