Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүрүп, жол маал-маалы менен жабылууда. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, таш кулатуу иштери 30-октябрдан 3-ноябрга чейинки аралыкта (ишемби жана жекшемби күндөрүн кошпогондо) Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунунун 3902-чакырымында жүргүзүлөт.
Ага байланыштуу жолдор саат 09:00дөн 15:00гө чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жабылат.
Маалыматта мындай иш-чаралар Бишкек-Нарын-Торугарт жол тилкесинде автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлө тургандыгы айтылды.