Биз социалдык тармакта

Кыргыз-Өзбек университетине жаңы ректор дайындалды

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин ректору болуп Мамасыдыков Абдилбает Асанович дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, сентябрь айынын башында Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобого ылайык, аталган университеттин ректору кызматына ачык сынак жарыялаган.

Ага ылайык, Абдилбает Мамасыдыков эң жогорку упайга ээ болду.

"Билим берүү жана илим министрлигинин Укуктук камсыз бөлүмүнүн башчысы Бектур Ибрагимов окуу жайдын жамаатын ректорду дайындоо тууралуу буйрук менен тааныштырды", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин ректору болуп Чаткалбай Райымбаев иштеп келген. Анын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу кызматынан кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rojena3262
2023-10-28 16:27:00
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан