Биз социалдык тармакта

Бишкекте жылуулук 31-октябрдан тарта бериле баштайт

Бишкекте көп кабаттуу үйлөргө 31-октябрдан тарта жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, абанын сырткы температурасына ылайык штаб тарабынан борбор калаада жылытуу сезонун 31-октябрда баштоо чечими кабыл алынган.

Тиешелүү буйрукка калаа башчы Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Белгилей кетсек, объектилерди туташтыруу бир нече күнгө созулат.

- биринчи кезекте-ооруканалар, бала бакчалар, мектептер, төрөт үйлөрү жана социалдык коргоо мекемелерине;

- экинчи кезекте объекттин кышкы шарттарда пайдаланууга даярдыгы жөнүндө актысы бар турак жайларга, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерине бериле баштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rojena3262
2023-10-28 16:26:00
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан