Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Түп районунун алыскы айылында жаңы чек ара бекетин ачты

Бүгүн, 28-октябрда өлкө башчы Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Түп районунун Каркыра айылында жайгашкан жаңы "Чаар-Кудук" көзөмөл-өткөрмө пунктун ачты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, өткөрүү пунктунун курулушу ушул жылдын сентябрь айында башталып, чек аранын алыскы тилкелерин коргоо үчүн жашоого жана кызмат өтөөгө зарыл болгон бардык шарттар менен жабдылган.

Ага ылайык, жаңы бөлүктүн өздүк курамы деңиз деңгээлинен 2280 метр бийиктикте жайгашкан чек аранын алыскы жана кыйла татаал тилкесин кайтарат жана "Каркыра" чек ара кызматына тиешелүү.

"Аталган бекеттин чек арачылары чек араны кайтаруудан тышкары, чет элдик жана ички туристтерди көзөмөлдөө жана "Үч-Суу", "Кичи-Чоң-Жыңалач" жана "Турук" жайлоолоруна кире беришинде мамлекеттик чек арада чек ара режимин сактоону ишке ашырат.

Президент Садыр Жапаров чек арачылардын көңүлүн өзгөчө кызматтык тартипти жана аскердик этиканы сактоого, аларга жүктөлгөн милдеттерди так аткарууга бурду", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rojena3262
2023-10-28 16:26:00
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан