Нью-Йорк шаарында Эл аралык саякат форуму өттү. Бул тууралуу "Кыял" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 26-октябрда башталган форумга президенттин иш башкармасына караштуу "Кыял" улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси" мамлекеттик ишканасы катышууда.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын катышуучулары өлкөбүздүн тарыхын, маданиятын, кол өнөрчүлүгүн тааныштырууда.