Биз социалдык тармакта

Финансы министри элге жардам таратып жатат деген маалымат фейк

Ар кандай шылуундук сайттар элди алдоо үчүн финансы министри Алмаз Бакетаевдин аты-жөнү жана сүрөтүн колдонуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Финансы министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда жана мессенжерлерде Бакетаев кыргызстандыктарга гуманитардык жардамдын уникалдуу программасын тартуулап жатканы тууралуу маалымат чыккан.

Министрлик мындай маалыматты "фейк" деп атап, аны шылуундар таратып жатканын белгиледи.

"Урматтуу кыргызстандыктар, ар түрдүү шылуундук сайттар таратып жаткан жалган маалыматтарга ишенбеңиздер", - деп кайрылды министрлик.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан